22:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кеңеш. Күнгө күйгөн денеге тез жардам берүү жолдору

Күнгө катуу күйүп калуу коркунучу көл жээгинде эс алып жүргөндөрдө, ачык асман алдында күн өткөргөн жарандарда көбүрөөк кездешет. Мисалы, күн тийип турганда уктап калып же китеп окуп жатып кызыгына кирип кетип, убакыттын өткөнүн байкабай калгандар күйүктүн ар кандай даражасына дуушар болушу мүмкүн.

Теринин кызарышы, кычышуусу, ачышуусу, дене табынын көтөрүлүшү —күнгө күйүүнүн белгилери. 24.kg агенттиги күнгө катуу күйүп калганда тез жардам көрсөтүү боюнча кеңеш даярдады.

1

Күнгө күйүп калгандарга самын колдонууга болбойт

Күнгө күйүп калсаңыз дароо муздак душка же ваннага жуунуңуз. Бирок, самын менен гель такыр колдонбоңуз, анктени алар терини кургатып жиберет.

2

Алоэ вера, мята, ментолдун ширелери -эң мыкты каражат

Күнгө катуу күйгөндө алоэ веранын ширеси эн мыкты каражат болуп саналат. Ал терини эс алдырып, ооруну басаңдатканага жардам берет. Күйүп калган жерге алоэ веранын жаңы сыгылган ширесин сыйпаш керек. Мята жана ментол дагы күйүктүн мыкты дабаасы. Алар дароо терини муздатат.

3

Күйүккө каршы спрей колдонуңуз

Ооруну жеңилдетип, кызарууну басаңдатууга антигистаминдик каражаттар жардам берет. Дарыны доктур менен кеңешкенден кийин ичиңиз. Эгер кызаруу ооруксунтса, анда күйүккө каршы спрей колдонуңуз.

4

Муз салынган темир идиш жардамга келет

Эгерде күйүк жеңил болсо, ал жакка муздак бир нерсе баса оору басаңдайт. Мисалы, муз толтурулган темир банканы колдонсоңуз болот.

5

Зайтун майын колдонуңуз

Ошондой эле жеңил күйүккө зайтун майы жакшы жардам берет. Териге сиңип кеткенге чейин акырын сыйпоо керек. Мындан тышкары чоң эненин ыкмаларын да колдоно жүрүңүз. Каймак май, кефирди таза жуулган колго гана сыйпаш керек, анткени бактериялардын көбөйүшүнө алып келет.

6

Чийки картошка же бадыраңдан ботко жасап сыйпаңыз

Кызарууну жана ооруну басаңдатууга чийки картошка же бадыраңдан ботко жасап жабыңыз. Мындан сырткы муздак чай дагы оң таасирин берет. Ромашканы кайнатып, муздатылган маңызын марлиге салып компресс жасаса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар