16:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаевдин тарапташтары депутаттардын чечимине нааразы

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта чогулган тарапташтары Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимине нааразы болушту. Алар мурунку президентти макамынан ажыратууну мыйзамсыз дешүүдө. 

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун айтымында, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын мындан аркы иш-аракеттери бийликтен көз каранды болот.

«Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтомду кабыл алды. Мыйзам боюнча Башкы прокуратура корутундусун 10 күндөн кем эмес, 20 күндөн кеч эмес убакта чыгарышы керек. Демек, парламент аталган маселени 8-июлдан кийин карашы шарт эле. Алар мыйзамды бузушту», -деди ал. 

Мээрбек Мискенбаев баардыгын Кой-Ташка чакырып өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар