31 жаштагы Назгүл Токтоналиева изделүүдө. Анын сүрөтүн бир тууган эжеси социалдык тармакка жүктөп, жарыя жазган.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну Назгүл Токтоналиева жалгыз уулун бир тууган эжесине таштап, Москвага иштегени кеткен.
«Акыркы жолу апасынын ооруп жатканын угуп, 31-майда жолго чыкмак. Ошол бойдон дайынсыз», -деп айтылат маалыматта.