20:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Студенттер арасында президенттик стипендия үчүн ачык сынак жарыяланды

ЖОЖ студенттери арасында 2018-2019-окуу жылында президенттик стипендия үчүн ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сынак президенттин «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.

Сынакка окуусун изилдөөчүлүк иш жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып айырмаланган студенттер катыша алат.

Аталган сынакка байланыштуу бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигине 662842, 620465 телефондору боюнча кайрылса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар