17:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда унааларды каттоо арзандайт

Кыргызстанда унааларды каттоо арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унааларды каттоо 1-августтан баштап 589 сомго арзан болот.

14-июнда чыгарылган тендердин жыйынтыгы боюнча унааларды каттоо жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бланкаларын «Госзнак» ЖЧКсы даярдайт.

«Жаңы түзүлгөн келишимдин шарты боюнча, бир бланканын баасы 192 сомду түзөт. Бул мурункуга караганда 4 эсе арзан. Буга чейинки компания бир бланканы 10 евродон жеткирип турган. Мындан ары чет элдик валютанын наркынан көз каранды болбой, бланкалар сом менен бааланат», -деп билдиришти аталган кызматтан.

1-августтан баштап унааларды каттоо жана кайра каттоо мурункудай эле 920 сомдон жүргүзүлөт. Бирок бланк 192 сомдон (мурда 781 сом 50 тыйындан берилген) берилет. Мамлекеттик номердин баасы дагы мурункудай 788 сомдон. Каттоо 2 миң 489 сом 50 тыйын эмес, 1 миң 900 сомду түзүп калат.

Эң көп окулган жаңылыктар