16:13
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Атамбаев: Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн мыйзамсыз соттомокчу

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнунда айтылган айыптоолорго байланыштуу билдирүү жасады.

Ал экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууга Жогорку Кеңеш укуктук негизи жоктугун айтат.

«Ойдон чыгарылган имиштерге гана таянып, жана учурдагы президенттин саясый атаандашты четтеттүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан. Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат», — дейт ал.

Алмазбек Атамбаев депутаттарды Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданууга айыптап, өзүнүн жанындагы адамдардан абдан адашканын дагы бир жолу кошумчалаган.

Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана президент кызматындагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын

«Президент кезимде Жээнбековдор баш болгон кошоматчылар бүгүн ашынган душман менен сынчыга айланып чыга келишти. Мени коргоп жаткандардын көпчүлүгү болсо кезинде кызматы жок, же алтургай, мен бийликте турган кезимде кордук көргөн адамдар. Мыйзам жана абийирим алдында тазамын!», — дейт Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар