03:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шайлоого даярдыкпы? Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек соцтармакта баракча ачты

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Facebook жана Instagram социалдык тармагындагы баракча ачып, активдүү жүргүзүүгө киришти.

Ал Facebook баракчасына сүрөтүн 8-июнда жүктөгөн, эртеси алгачкы постун кичи мекени Арашанга арнаган. Instagram тармагында май айында пайда болгон. 

41 жаштагы Сейтек Атамбаев социалдык тармак аркылуу мушкер Валентина Шевченкого, кыргыз футбол командасына күйөрмандык кыларын, көк-бөрүчү жигиттердин, машыгуу залынан түшкөн сүрөтүн жарыялап, спортко жакындыгын көрсөтүүдө.

Акыркы постунда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, өлкө башчысынын мүнөзүн сүрөттөй кеткен.

«Жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, ар бир сөздү жерден алган адам катары билем. Саясатка биз аралашпасак дагы ар кандай күндөрдү чогуу өткөрдүк. Ишенсеңер саясатчынын үй-бүлөсү болуу өтө кыйын.  Кыйын күндөрдө да бири-бирине жөлөк-таяк болуп, саясаттын ысыгына жана суугуна бирдей туруштук берип келишти. Сооронбай Шарипович ошол мезгилде дагы өтө сабырдуу болчу, азыр деле ушундай. Акыркы жолугушуубузда Сооронбай Шарипович «эки бир тууган, эки дос таарынышса дагы бул жагдай үй-бүлөлүк мамилеге таасирин тийгизбеш керек» деп айткан», — деп жазды Сейтек Атамбаев.

Сейтек Атамбаевдин жеке баракчасынан
Фото Сейтек Атамбаевдин жеке баракчасынан

Бирок, азырынча посторунда бийликке карата сын пикир айтылбайт.

Ал айрым тексттерин (Атасы Алмазбек Атамбаев жана айылда чөп ташыган) эки тилде жазып, кыргыз арипин, орфография жана пунктуация эрежелерин сактоого аракет жасаганы байкоого болот.

Айрымдар Атамбаевдин бул кадамын алдыдагы парламенттик шайлоого карата даярдык экенин белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин экинчи аялынан кызы Алия Шагиеванын соцтармакта баракчасы катталган. Алия Шагиева атасы президент кезинде баракчаларын чыгармачылыкка, жеке өзүнө арнаса, акыркы учурда Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөттөрүн да жарыялап, анын аталык сапаттарын элге жеткирүү аракетинде.

Экс-президенттин башка уул-кыз, келиндеринин атындагы дагы баракчалар бар, бирок активдүү эмес.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үч уул, үч кызы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар