11:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Экс-мэрлердин иши. Соттолуучулардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртышты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө соттолуучулардын бири Сейиткан Алиев өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртышты. Ал остеоартрит менен жабыркайт. Маалым болгондой, соттолуучу дайыма ооруну сездирбей турган дары-дармек алып турат.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума