Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү отурумда кесиптеши Ирина Карамушкинаны сындашты.
Вице-спикер Аида Касымалиева аны парламентти таратууга чакырык жасабай, өзү мандатын тапшырууну сунуштады.
«Мандатыңызды тапшырыңыз, менин шайлоочуларым жана алардын алдында милдетим бар. Адепсиздиктин да чеги болуш керек», -деди ал.
Евгения Строкова болсо Ирина Карамушкинаны улуттук кастыкты козутууга күнөөлөдү. «Сиз таарынып анан улутуна өтүп кетесиз. Туулган күн менен куттуктаган жок, анткени орусмун дедиңиз. Абийир болуш керек да», -деди ал.