Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин отурумунда Райым-миллионердин тегерегинде хайп жараткан ЖМКны сынга алды.
Айтымында, «Азаттык» өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу чуулгандуу иликтөө жүргүзүп, кийин «Бешинчи каналдын» журналисттеринин иликтөөсү буга шек жараткан.
«Журналисттер 4-бийлик болгону менен кээде жеке кызыкчылыгынын пайдасына хайп жаратышат», -деди депутат. Ал эгер документ жасалма болуп чыкса, журналисттер жооп бериши керек деп эсептейт. «Ойдон чыгарылган айыптары үчүн аларды жоопкерчиликти алууга кантип зордошубуз керек? Буга ким жооп берет?», -деп суроо салды депутат.