17:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Былтыр мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2 миң 425 мекеменин иши текшерилген

2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүлуп, жыйынтыгында 2 миллиард 321 миллион сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Айтымында, 1,5 миллиард сом ордуна коюлуп, каражаттардын кайтарымы 90 пайызды түздү.

«Былтыр Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2 миң 425 мекеменин иши текшерилди. Мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 миллиард 236 миллион сом өлчөмүндө болду», — деди Улукбек Марипов.

Аудит жыйынтыгында каржы ишин жакшыртуу багытында 476 эскертүү жана 123 сунуштама берилгени, өкмөткө 18 сунуштама жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар