Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда зер буюмдарды жана акча уурдаганга шектүү делип 5 киши кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышкерлер зер буюмдарын жана акчаны кошкондо жалпы 1 миллион 380 миң сом уурдашкан. Кармалгандардын экөө буга чейин террордук мүнөздөгү ишке айыпталып соттолуп чыккан.
«РИИБга ири суммадагы акчасын жана алтын жасалгаларын уурдатып жиберген аял арыз жазды. Аталган кылмышка шектелип 5 киши кармалды. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү маалында уурдалган зер буюмдар табылды», -деп билдиришти ОИИББдан.