11:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Батукаевди экс-президенттин көрсөтмөсү менен кое беришкен. Бул текшерилүүдө

Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын отурумунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча маселе көтөрүлдү.

Каныбек Иманалиев ИИМдин өкүлдөрүнөн иш кайсыл стадияга жетип калганын сурап кызыкты. Ошондой эле ал бул ишке Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бары текшерилип жатабы деди.

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаев иш иликтенүүдө деп жооп берди. Экс-вице-премьер Шамил Атахановдун Азиз Батукаевди мурунку президенттин тапшырмасы менен кое беришкен деген көрсөтмөсү текшерилип жатканын кошумчалады.

Шамил Атаханов тергөө менен иштешүү ниетин билдиргенден кийин анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ал үй камагында.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби