13:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандык Султай Чыңгыз Орусиянын «Баарынын мыкты!» шоусуна катышты

Кыргызстандык Султай Чыңгыз Орусиянын Биринчи Каналындагы «Баарынын мыкты!» шоусуна катышты. Аталган берүү 16-июнда тартууланды. 

74 мүнөттүк берүүнүн 13 мүнөтү Султайга арналды. Алып баруучу Максим Галкин Султайды «кара-ак чакмактардын ханзаадасы» деп тааныштырды.

Султай Чыңгыз режиссер Юлий Гусман менен шахмат ойноп, артыкчылыгын көрсөттү. Ага төш белги тагышты.

Султай Чыңгыздын атасы Чыңгыз Абылкасымов берүү 2017-жылдын августунда тартылганын айтат.

Шахматчы бир канча мелдештин жеңүүчүсү, Кыргызстандын чемпиону, Батыш Азия чемпиону сыйлыгынын ээси. Учурда ал АКШда ата-энеси менен жашап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби