21:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эл аралык шахмат федерациясынын президенти алмашты

Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) президенти алмашты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Грузияда ФИДЕнин конгресси өттү. Анда федерациянын жаңы башчысы шайланды. Аталган кызматка алгач Орусиялык Аркадий Дворкович, Грециялык Георгиос Макропулос жана Улуу Британиялык Найджел Шорт тапалкерлигин көрсөткөн. Жыйынтыгында орусиялык жаран жаңы президент болуп шайланды.

1995-жылдан 2018-жылга чейин ФИДЕни орусиялык Кирсан Илюмжинов башкарып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума