21:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Соттолгондугу жоюлган жарандарга парламентке депутат болууга уруксат берилет

Жогорку Кеңешке депутаттыкка соттолгондугун жойгондор дагы талапкер боло алат. Мындай норманы «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзамга киргизүүну сунушталууда.

Буга чейин шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иштеп чыккан топ жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, жогорку мыйзам органдарына мыйзам менен эч кандай маселеси болбогондор гана талапкер боло алат деп айтып чыгышкан.

Бирок, айрым депутаттардын пикиринде, өлкө жарандарын шайлануу укугун чектөө мүмкүн эмес. Эгерде талапкер соттолгондугун сот аркылуу жойсо, ал Жогорку Кеңешке талапкерлигин кое алат.

Анткен менен бул жобо мунапыс, же кечирим алкагында түрмөдөн бошотулгандарга тиешелүү эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар