05:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аида Салянованын абакта ким менен кандай шартта кармалып жатканы айтылды

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова СИЗО-1дин эки кишилик камерасында бир аял менен отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Кыйноолордун алдын алуу борбору Аида Салянованын жүрөгүндө тешиги болгондуктан, түнү кыйналып жатканын маалымдады.

Бүгүн Салянованы кардиолог кароодон өткөрүү керек.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 26-июнга чейин кармалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар