07:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Экс-мэрлердин иши. Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов камакта калтырылды

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча процесс уланууда.

Соттук отурумдун жүрушүндө жактоочу Сергей Слесарев Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чараларын өзгөртүүнү суранды. Жыйын бөлмөсүнөн чыккан судья Кубанычбек Касымбеков токтомду окуп, жактоочунун өтүнүчү канааттандырылбагандыгын айтты. Айтымында, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар