04:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аксы районунда 7 турак үйдүн короолорун сел каптады

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 7 турак үйдүн короолорун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-майда Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, кокту колоттордон сел жүрүп Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн короолорун каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Мындан сырткары Райкомол—Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол—Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган.


Эң көп окулган жаңылыктар