21:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Президенттин басма сөз катчысы селден жабыркагандарга жардам берилерин билдирди

Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.

Ал акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарындагы айылдарда сел жүргөнүн белгиледи. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө.

«Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес. Башкача айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жойууга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү», — деп жазды ал.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталгандан кийин жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт.

Аскат Алагөзов

Эскерте кетсек, 20-апрелден бери Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында 46 сел жүрдү. Ош, Жалал-Абад (Ноокен району) жана Талас облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Унаасын сел агызып кетип, бир адам каза болду, дагы бир өспүрүмгө чагылган тийип, көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар