09:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткенде 7 баш бука уурдаган тургун кармалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагында 7 бука уурдаган тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Дөөчар айылынын тургундары милицияга арызданышып, 29-майга караган түнү үлүш жерине байланып турган малын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айтышкан. Айыл тургундарынын 7 баш букасы жоголгон.

«30-майда Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы мал базардан шектүү катары Дөөчар айылынын 47 жаштагы тургуну кармалган. Ал күнөөнү толугу менен моюнуна алды. Шектүү малдын төртөөнү сатып жиберген. Ал эми сатылбай калган 3 баш бука өз ээлерине кайтарылып берилди», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар