16:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мурунку мэрлердин соту. Айыпталуучуну ооруканага жаткыруу өтүнүчү кабыл алынбады

Ленин райондук сотунда мурунку шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча процесс уланууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Сейиткан Алиевди УКМКнын ооруканасына которуу тууралуу өтүнүчтү жактоочусу билдирди. Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагы Сейиткан Алиевди ооруканага жаткыруу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

«Сейиткан Алиев ооруканада жатып дарыланууга муктаж. Ал остеоартрит менен жабыркайт. Ооруну сездирбөөчү каражатты дайым колдонуп туруусу зарыл», -деди жактоочу.

Сот юристке УКМКнын тергөө абагынын медиктерине кайрылууну айтты.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар