Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда уурулукка шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран буга чейин соттолгон.
«21-майда Кадамжай шаарынын аймагында катары менен 2 уурулук фактысы катталган. Анда унаалардан жана батирлерден акча жана уюлдук телефондор уурдалган. Аталган окуяларга шектүү катары шаардын 24 жаштагы тургуну колго түштү. Анын буга чейин уурулук жасагандыгы аныкталды», -деп билдиришти РИИБдан.