10:21
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Аткаминерлерге мамлекеттик эсептен унаа жана эмерек сатып алууга тыюу салынат

Кыргызстандагы аткаминерлерге мамлекеттик эсептен унаа жана эмерек сатып алууга тыюу салынат. Жогорку Кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүүнү отурумда талкуулап жатышат.

Депутат Кенжебек Бокоев билдиргендей, аткаминерлер бюджеттин эсебинен унаа сатып алып, айдоочуларды камсыздабашы керек. Бирок, бул чектөө тез жардам унаасын сатып алууга тиешеси болбошу зарыл.

Алгач депутаттар бюджеттин эсебинен оргтехниканы сатып алууга тыюу салууну ниет кылышканы менен, кайра талкуудан соң аталган пунктту алып салышты. Унаа менен эмеректи сатып салууга тыюу салуу 3 жылга жарактуу. Бирок, мектеп менен ооруканаларга эмерек сатып алууга тыюу салынбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар