03:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сокулукта мал жана килем уурдаганга шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда мал жана килем уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Шалта айылындагы мечиттен 12 килем жана курулуш материалдарын уурдап кетишкен. Аталган окуяга шектүү катары 20 жаштагы Б.А. кармалды. Ал буга чейин мал уурулук жана алдамчылык боюнча соттолуп чыккан.

Анын мал ууручулукка тиешеси бар экени аныкталды. Кызыл-Туу айылынан ири мүйүздүү мал уурдап, интернетке сатам деп жарыя кылган. Бирок, мал ээси таанып калып, милицияга арызданган. 

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар