14:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек

Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2019-жылдын январь-мартына карата өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары каралган кезектеги жыйынында билдирди.

Бул маселе боюнча Экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.

«ИДПнын реалдуу өсүшү Кумтөр кен ишканаларын кошпогондо 1,4 пайызга көбөйүп, 105,3 пайызды түзгөн. ИДП өсүүсүнө негизги салымды 15,7 пайыз реалдуу өсүш темпи менен өнөр жай тармагы кошкон, бул негизинен Кумтөр кенинде металлдарды иштеп чыгуунун эсебинен ишке ашкан. 2019-жылдын январь-мартында мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 33,1 миллиард сомду же белгиленген пландан 102,9 пайызды түзгөн», — деп белгиледи ал.

Премьер-министр көмүскө экономика менен күрөштүн так жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

«Биздин мамлекеттин чек арасын эсепсиз кесип өткөн продукциялар менен күрөштү күчөтүү керек. Товарларды мындай ташуу атамекендик экономикага зыян алып келет жана салыктык түшүүлөрдүн көбөйүүсүн шарттабайт. Көмүскө экономика менен күрөшүү күчөтүлүшү зарыл. Такталбаган товарды ташууну токтотпостон жана салык төлөмдөрүн башкарууну жакшыртпастан биз бюджеттик тармактын жумушчуларынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча өзүбүздүн социалдык милдеттерибизди аткара албайбыз», — деп белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар