18:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өкмөт башчы: Көмүскө экономиканын үлүшү 43 пайызга чейин жетет

Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43 пайызга чейин жетет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

«Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси — бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө салык жол-жоболорунун системасы натыйжалуу иштерин белгиледи.

«Бул өлкөлөрдө салыктык башкаруу санариптик технологияларда түзүлгөн. Буга байланыштуу биз республикада фискалдаштыруу системасын киргизүүнү чечтик. 2019-жылы бир катар татаал милдеттер аткарылды. Бирок айрым жактар тарабынан түшүнбөстүктөрдөн улам кээде жүргүзүлүп жаткан реформаларды туура эмес түшүндүрүү жүрүүдө. Ушуга карабастан салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу системасы толук кандуу киргизилиши керек. Бул биринчи кезекте, бизнес жүргүзүүдө ачык атаандаштыкты түзүп, көмүскө экономиканын тамырын кыркат», — деп баса белгиледи премьер-министр.

Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума