14:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нена: Имиджимди өзгөртүп элди таң калтырам деген оюм бар

«Славян базары» сынагында мыкты аткаруучулардын алгачкы ондугуна кирген эстрада ырчысы Нена «Унчукпадың», «Нарындан жазган салам кат», «Суранба» аттуу ырлары менен көпчүлүктүн эсинде. Ортодо тыным алган ырчы эми чыгармачылыкка баш-оту менен киришүүгө даяр экенин айтат.

Ырчы айым 24.kg агенттигине чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

— Акыркы жылдары сахнадан четтеп кеттиңиз, азыр кайрадан сахнага чыгып, баш-отуңуз менен киришейин деп турат окшойсуз?

— Аялзатында чоң бурулуш -эне болгондо башталат. Балдарымды караганга туура келди. Орустарда «иш карышкыр эмес, токойго качып кетпейт» деген кеп бар эмеспи, баарынын убак сааты бар, ар ишти учуру келгенде кылган туура деп эсептеймин. Шүгүр, балдарым чоңойду, эми толугу менен чыгармачылыкка баш-отум менен кирсем деп белсенип турам.

25-мартта, туулган күнүмө карата, жакын санаалаштарымдын көмөгү, моралдык жактан колдоосу менен отчёттук концерт өткөрдүм. Убакыт чектелүү болгондуктан кечеде чыгармачылык жолумдагы 14 жылдан бери жасаган эмгегимдин жарымын гана көрсөтө алдым.

— Азыркы шоу-бизнесте өзгөрүүлөр бар. Күйөрмандарыңызды кантип кайра кайрып алам, жаңыларын багынтам деп турасыз? Имидж өзгөрөбү, же репертуар?

— Азыркы убакта шоу-бизнесте элди эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Бир гана нукура өнөр, чыгармачылык, талант керек. Алдыда хит ырларды жаратууга, имиджди өзгөртүү ойлорум бар. Чоң эргүү менен жаңы клиптерди тартып, жаңы дуэттерди жаздырууга киришкени турам.

— Сынактардын жеңүүчүсү болуп, атыңыз чыгып турган маалды сагынасызбы?

— Албетте, сынактарды сагынып жатам. Дагы да бышып, чоң сынактарга барам деген ойдомун.

— Мындан 10 жыл мурунку убакытка кайтып барсаңыз, эмнелерди өзгөртөт элеңиз? Мурунку Нена менен азыркы Ненанын айырмасы барбы? Акча табуу үчүн башка эле тармакка өтүп кетүү тууралуу ойлор болгонбу?

— Убакыт ар бир нерсени өз орду менен коюп келатат, өкүнүч деле жок. Дагы бир жаралууга мүмкүнчүлүк берсе, ырчылык өнөрдү эле тандамакмын.

Албетте мурунку Нена менен азыркынын айырмасы бар: токтолдум, жашоого быштым. Ал эми акча табуу үчүн башка кесипке өтүүнү ойлонгон деле эмесмин. Биринчи кесибим экономист, экинчиси социалдык тармак жакта, үчүнчү кесибим ырчы. Жан дүйнөм чыгармачылыкты эңсеп туруп алды, башында хобби эле, кийин кесип болуп калды. Кудай берген талантты аягына чейин жеткирүү керек деп ойлом.

— Жеке турмушуңузда татаал мезгилдер болуптур, ошол мезгилде ичке тынып, элден качып калган убактар болдубу?

— Баары эле билет, бул тууралуу көп сөз кылгым келбейт. Балдарыма, чыгармачылыкка алаксып ойлогонго убакыт болгон жок. Бул нерсени көп жылдар бою ичке катып, унчуккан жокмун. Эми гана кээ бир жагдайларда айтууга аргасыз болдум.

— Ажырашкан аялга биздин коомдо жеңил эмес. Айланаңызда буга басым жасап, кемсинткендер жокпу? Кайра турмушка чыгуу оюңузда барбы?

— Антип басым жасагандар болгон жок, бирок ит үрсө да өзүңө кабыл ала берет экенсиң. «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп, көңүл оорута турган нерселерге маани бербейм. Ал эми кайра турмушка чыгуу тууралуу азырынча эч нерсе айта албайм, буюрса жакында жакшы кабарларым менен сүйүнчүлөйм.

— Дайыма шайыр, шаңдуу жүрөсүз, энергияны кайдан аласыз?

— Энергияны жакшы күндөн, жакшы элден, маанай көтөргөн сөздөн, айлана-чөйрөдөн алса болот.

— Эл эмне дейт деген принцип менен жашайсызбы же?

— Эл сүйлөй берет. Албетте, ата-энелерибиз эл эмне дейт деп чоңойткон. Алардын бул тарбиясын туура деп эсептеймин, анткени жакшы нукка алып келди. 50 пайыз эл эмне дейт деген, 50 пайыз өзүмдүн принциптерим менен жашайм. Биринчиден өзүмдүн жеке оюм, кыялым, максаттарым бар, туура жолго басууга аракет кылам, элдин оюн уга бербейм. Өзүмдүн принцибим боюнча эң биринчи ал нерсе мага жагыш керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби