Бишкекте Панфилов паркында өрт чыгып, кафе жана чакан зоопарк өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кырсык бүгүн түнү болгон.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү бригада барган. «Живая экзотика» зоопаркындагы жаныбарлар өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоо 3:32де толугу менен өчүрүлгөн.