09:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт

Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата аткарылууда.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардагы билим берүү системасын мындан дагы жакшыртуу керектигин айтып, өзгөчө бирдиктүү окуу программасынын алкагында окуу процесси жүрүүсү керектигин баса белгиледи.

«4 жылдан бери Муфтият бардык тармакты электрондоштуруунун үстүндө иш алып барып келет. Учурда ажылыкты уюштуруу иши толугу менен электрондоштурулду. Азыр КМДБнын билим берүү тармагын бирдиктүү электрондук системага өткөрүүнүн босогосунда турабыз. Буга ар бир диний окуу жай жардам берүүсү керек», — деди муфтий.

Эң көп окулган жаңылыктар