USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Мээрим Төлепберген: Мирбек Атабековдун апасы сабалды деген маалымат жалган

11:38, 13 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Мирбек Атабековдун апасын белгисиз адамдар катуу сабап, 70 миң доллар акчасын уурдап кетишти деген маалымат жалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген билдирди.

«Азыр бизге телефон чалуулар болуп, бул тууралуу сурашты. Жок, андай болгон жок, тарап жаткан бул маалымат жалган. Баары жакшы, апабыз жакшы жүрөт», — деди ырчынын жубайы.

Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарына Мирбек Атабековдун апасы жашаган Октябрь районундагы Гвардейская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине белгисиз 3 адам беткапчан кирип, тоноп кетишкени жазылган. Анда белгисиз адамдар ырчынын апасын катуу ур-токмокко алып, колдорун байлап баалуу буюмдарын алып кетишкен деп жазып чыгышкан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 70 миң долларды түзгөнү жазылат маалыматтарда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика