21:47
USD 80.80
EUR 95.74
RUB 1.05

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кечээ Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында — 4,5 балл, Ыштык айылында — 3,5 балл жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Курган айылдарында 3 балл, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар