04:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Путин орус интернетин изоляциялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Орусия президенти Владимир Путин орус интернетин изоляциялоо боюнча жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтар сайтында жарыяланды. Ал 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.

Мыйзам орусиялык түйүндөр сегментинин дүйнөлүк интернеттен өзүнчө иштөөсү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга багытталган. Анын аткарылышын Роскомнадзор көзөмөлдөйт, түйүндөргө коргоочу каражаттарды орнотуу жана иштетүү жол-жоболорун орус өкмөтү бекитет.

Мыйзам долбоорунун авторлору — Федерация кеңешинин мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Андрей Клишас, депутаттар Людмила Бокова, Дмитрий Вяткин документ 2018-жылы АКШда кабыл алынган Улуттук кибер коопсуздук стратегияларынын агрессивдүү мүнөзүн эске алуу менен иштелип чыкканын билдиришкен.

Документти сынга алгандар автономдуу түйүн интернетте цензураны күчөтүүгө жол ачат деп кооптонушууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Владимир Путинге кайрылып, мыйзамга кол койбоого үндөшкөн. «Чек арасыз кабарчылар» жана Human Rights Watch уюмунун биргелешкен декларациясында ал Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына жана БУУнун жарандык жана саясий укуктар жөнүндө келишимине каршы келери айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар