16:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мурунку мэрлерге карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда

Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда.

Судья Кубанычбек Касымбеков ТНК «Дастан» ишканасынын өкүлүнүн арызын окуду. Анда «Солнечный берег» пансионатын сатууда ишкананы жабырлануучу деп таанууну жана келтирилген чыгымды 83 миллион сомго баалоону суранышкан.

Айыпталуучунун жактоочулары жана прокурорлор буга каршы чыгышты. Мурунку мэр Албек Ибраимов билдиргендей, ал бул эпизод боюнча жабырлануучу гана. Айтымында, «Солнечный берег» пансионатын сатууга эч кандай чечим кабыл алган эмес жана «Дастан» ишканасында ал убакта иштеген эмес.

«Аталган пансионаттын акциясын сатууга ким уруксат берген, ошону аныкташ керек», -деди ал.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума