Чүй облусуна караштуу Сокулук РИИБнын кызматкери Новопавловка айылындагы дүкөндү тоноого аракет кылган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өспүрүмдүн бири дүкөндүн кичинекей терезесине кыпчылып калган.
Кармалгандардын бири 16 жаштагы А.Т. жана 15 жаштагы А.Т. болуп чыкты. Милиция алардын башка кылмыштарга тиешеси бары же жоктугун аныктоодо.