07:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек 141 жылдыгын белгилөөдө

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата мэрия майрамдык программа даярдады.

Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде эле башталган. Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери — орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор — «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.

Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

Эң көп окулган жаңылыктар