Бишкек шаарынын күнүнө карата борбордук көчөнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-апрелде саат 16.00дөн баштап «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык концерт бүткөнгө чейин, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат.
Шаар тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугун сактоо үчүн борбордук аянттын 8 жерине өткөрүү пунктулары коюлат. Коомдук тартипти 1000ден ашуун милиция көзөмөлдөйт.