01:03
USD 80.80
EUR 95.74
RUB 1.05

Чүй облусунда уурулукка шектүү делген жаран кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Чүй РИИБге Кегети айылынын 20 жаштагы тургуну Д.Т. арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 3-февралында белгисиз адамдар Чүй айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган анын «Volkswagen Passat» унаасынын ичинен «Mi» үлгүсүндөгү телефонун жана 50 миң сомдой акчасын уурдап кетишкенин айткан.

Аталган кылмышка шектүү делип Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну Б.Э. кармалды.



Эң көп окулган жаңылыктар