07:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Москвада кыргыз балдар үчүн «Жакында мектепке» окутуу клубу ачылды

Москва шаарында «Жакында мектепке» аталган балдарды окутуу клубу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

Окуу борбору элчиликтин алдында жүргүзүлөт. Аны кыргыз диаспорасынын «Агартуу Билим Борбору» мугалимдер ассоциациясы жана «Мир Вам» тил мектеби уюштурууда. Клубда быйыл мектепке баруучу мигрант балдарга орус тили бекер үйрөтүлөт.

Белгилей кетсек, Россияда 600 миңге жакын кыргыз жаранды иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар