07:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө уран кенин казууга каршы Бишкекте митинг өтөт

Бүгүн Ысык-Көлдүн Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин казууга каршы митинг өтөт.

Ага көлдүн биосферасын сактоону колдогон жарандар катышат.

Белгилей кетсек, уран кенин казуу иштерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссия курамына министрлер, мекеме жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Кендеги чалгындоо иштерин «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт. 2015-жылы Кызыл-Омполдун «Таш-Булак» тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар