02:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2018-жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өзүнүн жанын кыйган

Өткөн жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өзүнүн жанын кыйган. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу азайган. Ал жылы 97 учур катталган.

«Суицид жасаган 88 өспүрүмдүн ичинен 34ү эркек баладар, 54ү кыздар болгон. Алардын 83ү мектеп окуучулары», — деди прокурор.

«Өлкө боюнча жогорку көрсөткүчтөр Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында болууда. Өзүнө өзү кол салуу фактыларын азайтуу максатында прокурорлор мектептерди кыдырып, окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Прокуратуранын бул багытта иштери уланууда», — деп кошумчалады Жамшитов.