02:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүү талабы менен абактан бошотулат

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүү талабы менен абактан бошотулат. Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдын бошотулушу боюнча Россия менен Кыргызстандын жаңы бийлигинин ортосунда сүйлөшүү болгон. Анын негизинде, мурдакы өлкө башчысы өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бир канча кылмыш иштери боюнча айыпталып, анын экс-президент макамы алынган. 

Жогорку Сот мурдакы күнү кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөттү. 

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2012-жылы Нарын абагынан бошотулуп, чартердик рейс менен Россияга учуп кеткен. 

Эң көп окулган жаңылыктар