04:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мектепке бут тоскон жарыкчылык, миграция жана диний ишеним

Эл аралык уюмдардын эсебинде Кыргызстанда мектеп курагындагы билим албаган балдардын саны 30 миңге жакын. Ал эми Билим берүү жана илими министрлигинин маалыматында, 2018-жылы 2 миң 345 миң бала мектеп тартылган эмес.

Илим жана технологиянын заманында балдар билим артынан куугандын ордуна иштеп акча табууга, үй-бүлөлүк шартынан улам жана айрым учурда диний түшүнүктөрүнөн сабатсыз бойдон калууда.

Мектеп эмес, жашоо түйшүгү тарткан балдар

Мектепке барбаган балдардын саны Жалал-Абад облусунда эң көп. Министрлик маалыматында, бул облуста өткөн жылы 862 бала партага олтурган эмес. Андан кийин Чүй облусу — 445 бала, Ош облусу- 443 бала, Талас облусу — 272 бала, Ысык-Көл облусу — 70, Нарын — 41, Баткен — 28.

Бул расмий маалыматта 700 бала жумушка тартылгандыгы, 222 бала үй-бүлөлүк шартынан улам мектеп бара албай жүргөнү баяндалат.

Мектеп окуп жаткан 18 миң 312 бала ата-эненин камкордугу жок чоңоюп жаткандыгы менен байланыштуу. Белгилей кетсек, мигранттардын балдары мектепке барбаган балдардын катарында дагы бар. 

Кыргызстандын мектептеринде окуган балдардын 14 миң 410у томолой жетим жана 37миңи 449 бала жарым-жартылай жетим. Ал социалдык жактан корголбогон балдар жалпы окуучулардын 19 пайызын түзөт (194 миң 796).

Кыргызстанда мектеп курагындагы, 7-17 жаштагы балдардын саны 1 миллион 237 миң.

Дин билимге бөгөт

Булан институту акыркы докладында мектепке бөгөт катары диний ишенимди көрсөтүп, аны жаңы чакырык катары сыпаттайт.

2018-2019-окуу жылынын башында Билим берүү жана илим министрлигинин расмий билдирүүсүнө таянсак диний агымдарда (медресе, чиркөө, мечит) катталган 866 бала мектепке барбай калган.

Мындай балдардын саны Ош, Чүй жана Жалал-Абад облусунда арбын.

Булан институту докладында Ысык-Көл облусунда дагы диний ишенеминен улам балдарын мектепке жөнөтпөгөн үй-бүлөнү мисал келтирилет.

Ысык-Көл облусунун Ананьев айылынын 1971-жылы туулган тургуну Жыргалбек Асанбеков жана анын жубайы Бактыгүл Абдрахманова үч кызын 2011-жылдан бери мектепке жөнөтпөйт.

Улуу кызы 5-класска чейин окуган, 17 жашка толгондо турмушка берип коюшкан. Азыр 19 жашка чыгып, бир кыздын энеси болгон. Кийинки кызын 4-класска чейин окуткан, азыр 17 жашта. Кичүү кызы 14тө, мектепке такыр барган эмес. Ал тургай төрөлгөндө берилген ысымдарын да арабча аттарга алмаштырып алышкан

Булан институту
«Исламда баланын тили чыккандан кийин кыйноо жок деп айтылат. Кыз баланын орду өзүнчө, эркек баланын орду өзүнчө. Эч качан кыз менен бала тогуз жашка чыккандан кийин, бир тууган болсо да бир бөлмөдө болбошу керек. Келинчегим өзү мугалим, кыздарыбызды үйдөн окутканбыз. Кыздардын жүзүн башка эркектерге көрсөтпөш керек», — деп билдирген кыздардын атасы.

Жергиликтүү бийлик Кыргызстанда тыюу салынган Йакын инкар агымынын өкүлдөрү светтик түзүм менен бирге, балдардын сабатын жоюуга дагы каршы чыгып жатканын айтат.

«Балдарын окутпай, дин жолунда окутканга өздөрү үгүттөп, багыт берген үй-бүлөлөр бар, алардын бири Малиевдердин үй-бүлөсү. Буга чейин өкмөт, укук коргоо, билим берүү, социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан көптөгөн сүйлөшүүлөр болгон. Бирок бул киши такыр өзүнүкүн бербейт. Эки баласы апрель айынан тарта мектепке келе башташты. Ал бала такыр сүйлөбөй калган. Жалаң куран, араб темасында, диний түшүнүктөр менен көбүрөөк сүйлөйт. Кадимкидей окуучулар сыяктуу ар кандай темада сүйлөбөйт», — дейт Ысык-Көл районундагы Григорьев айылынын А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин директору Света Матанова.

Дин аалымдары исламда билим алууга тоскоолдук жоктугун белгилейт.

Ал эми Булан институту Кыргызстан боюнча диний сектанын азгырыгынан улам мектепке барбай калган балдардын эсебин тактап, маалымат каражаттарынын жардамы менен маалыматтык кампанияларды жана түшүндүрүү иштерин колго алуу зарылдыгын белгилейт. Балдарды мектептен билим алуу укугуна каршы чыккан, аларды караңгылыкка түртүп аткан диний секталарга кескин тыюу салынуу сунуштайт.

Ата-эне баланын келечегине жоокерчиликтүү

Булан институту ата-энелердин мыйзам алдындагы милдеттерин жана жоопкерчиликтерин эске салат.

Конституцияга ылайык «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда жана «Үй-бүлө кодексинде» ар бир бала билим алууга милдеттүү экендиги жазылат.

 Бул негизги мыйзамдарда балдардын билим алуусу, укуктары, милдеттери жана шарттары жазылган. Демек, Баш мыйзамдын 45-беренесинде «Ар ким билим алууга укуктуу», «Негизги жалпы билим алууга милдеттүү», «Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу», «Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана эл аралык бир тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт», «Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт», «Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарт түзөт», деп жазылат.

Ата-энелер билим берүү уюмунун аймагынан сырткары, окуудан тышкары убакта болгон балдардын саламаттыгы жан өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат жана баланын жалпы негизги билим алышы боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн КР мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тартылат.

«Бирок ушул мыйзамдарга карабастан, балдарын мектепке жибербей, балдарга болгон укуктарды жана милдеттерди ата-энелер толугу менен аткарбай жаткан учурлар кездешүүдө», — Булан институтуту.

Эң көп окулган жаңылыктар