14:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Токмокто 15 жашар кыз көп кабаттуу үйдөн секирип каза болду

Токмок шаарында 15 жаштагы өспүрүм кыз толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ 24.kg агенттигине маалымдады.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бир нече күн мурун өспүрүм туугандары менен таарыныша кеткен.

«Каза болгон өспүрүмдүн атасы 7-июнда милиция кызматкерлерине кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, арыз менен кайрылган. Анын жансыз денесин 10-июнда табышты. Өспүрүм толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан өзүн таштаган. Окуянын чоо-жайы аныкталууда», — деп кошумчалады ИИБ.

Эң көп окулган жаңылыктар