07:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстанга аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган киши колго түштү

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Марказ айылындагы чек арадан Өзбекстанга аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган киши колго түштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жүк ташып бара жаткан кыргызстандык жаран Көк-Талаа каналынын жанынан кармалган. Ал Өзбекстандын Жавагы айылында туулган, Марказ айыл өкмөтүнүн Достук айылынын 1992-жылы туулган тургуну З.Э. экендиги аныкталды. Ал унаасына 16 даана чаң соргуч жана «Авангард» үлгүсүндөгү 5 даана муздаткыч ташып бара жаткан. Айтымында, аткезчилик жүктүн жалпы баасы 139 миң сомду түзөт.

Жүк Кызыл-Кыя шаарындагы Бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар