21:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ушул жылдын 1-апрелине карата 4,6 миллиард сомдон ашык 4080 насыя берилди

Насыя берип жатканда өзгөчө айыл жеринде жашаган элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алып жатканда айтты.

Президент кошумча ресурстарды табуу жана сырттан инвестицияларды тартуунун, ошондой эле кошумча каражаттардын эсебинен бюджеттик ссуданы көбөйтүүнү сунуштады.Ошондой эле ал ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана сатуу боюнча ишти активдештирүү, компания капиталдаштыруунун деңгээлин 600 миллион сомго чейин жеткирүү, эконом-класстагы көп кабаттуу турак-жайды куруу программасын ишке ашыруу боюнча негизги иш-чараларды аныктоо зарылдыгын белгиледи.

«Арзан турак жай 2015-2020» социалдык программа болуп саналат. Насыя берип жатканда өзгөчө айыл жеринде жашаган элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек", — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, 2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банктар аркылуу 4,6 миллиард сомдон ашык 4080 насыя берилди. Натыйжада 16 миңге жакын жарандар турак-жай менен камсыз болушту. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9 пайызга чейин кыскартылган, 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар