12:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 216 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (03.04.19ж.) 216 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 137си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 55и ооруканага жаткырылган, алардын 49у жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 56 адам кайрылса, алардын 21 ооруканага жаткырылып, 35 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 25 адам кайрылса, 9у ооруканага жаткырылган. Кызамык оорусу менен 4 киши кайрылып, баардыгы ооруканага жаткырылган», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар