10:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 208 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (02.04.19ж.) 208 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 131и жаш балдар.

«Кайрылгандардын 62си ооруканага жаткырылган, алардын 45ү жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 37 адам кайрылса, алардын 16сы ооруканага жаткырылып, 21 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 27 адам кайрылса, 14ү ооруканага жаткырылган», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар