Май айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-май (шаршемби) — Эмгек күнү, 9-май (бейшемби) — Жеңиш күнү эс алуу болот.
10-май (жума) иш күнү болушу керек эле, бирок 5-май -Конституция күнүнүн (жекшемби) эсебинен эс алуу күнү деп жарыяланды.