20:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Акысыз социалдык кызмат бөлүмүнө маммологдун кызматын киргизүү сунушталды

Бишкек шаардык кеңеши муниципалитет тарабынан каралган акысыз кызматтардын тизмесине маммологдун кызматын киргизүүнү сунушташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутат Адиса Имангазиева билдирди.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда жана борбор калаада сүт бездеринин шишиги оорусунун деңгээли жогору. «Акысыз социалдык кызмат бөлүмүнө муну киргизүүнү сунуштайм. Бул биздин колубузда. Бишкек үлгү боло алышы мүмкүн», -деди ал.

Анын айтымында, калктын аялуу катмары бул текшерүүдөн өтө алышпайт. «Эгерде муну колго албасак, оорунун саны өсөт», -деди депутат. Бирок, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев бул функция мэрияга карабай тургандыгын, саламаттык сактоо системасына карай тургандыгын, ошондой болсо дагы аталган маселени кароого убада кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума